
КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин Бельгияда иш сапары башталды. Эки күндүк расмий сапардын алкагында кыргыз президенти Бельгиянын жетекчилиги менен жолугуп, Евробиримдик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле сапардын алкагында Кыргызстан менен Европа бирлигинин ортосунда бир катар эки жактуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Бул тууралуу “Марал” радиосуна президенттик аппараттын маалымат берүү бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Усенов билдирди.
Иш сапарынын жүрүшүндө Президент Бельгиянын королу, Бельгиянын федералдык парламентинин жетекчилиги, Европарламенттин, Еврокеңештин, Еврокомиссиянын жана НАТОнун жетекчилиги менен жолугушат. Бельгия жетекчилиги менен ар кандай тармактардагы кыргыз-бельгия эки жактуу мамилелерин өнүктүрүү талкууланат. Ошондой эле, НАТО менен аймактык коопсуздук, терроризмге биргелешкен эл аралык каршы туруу, баңгизаттарды ташуу менен күрөшүү маселелерин талкулоо пландаштырылууда.
18-сентябрда КР Президенти король Белгиялык Филипп менен баарлашуу өткөрөт. Ал эми 20-сентябрда расмий иш сапары аяктап, андан кийин кыргыз президенти Россиянын Сочи шаарына келип, ал жерде ЖККУнун саммитине да катышат.
Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар
Түп нускага шилтеме : maralfm.kg
Азырынча бир да пикир жок...