Акыркы макалалар

Баткенде жүзүм ширесин чыгаруучу завод кайрадан ишке кирди

Баткенде жүзүм ширесин чыгаруучу завод кайрадан ишке кирди

Баткен районунун Чоң-Талаа айылында жайгашкан жүзүм ширесин чыгаруучу завод кайрадан ишке киргизилди. Бул тууралуу Өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, завод жылына 500 тоннага чейин жүзүм кабыл алат жана 300 тоннадай жүзүм ширеси даярдалат. Ширеден тышкары 150 тоннага чейин коньяк даярдалып, Казакстанга экспорттолот.

Кошумчалай кетсек, 1996-жылдары цехтин 70 гектар жүзүм талаасы үлүштөргө берилип кеткендиктен, сырье жетиштүү деңгээлде чогулбай жаткандыгын заводдун жетекчилиги билдирет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...