Акыркы макалалар

Замирбек Баялиев: атайын өргө көтөрүлүп, тарых кайталанып жаткандай

Замирбек Баялиев: атайын өргө көтөрүлүп, тарых кайталанып жаткандай

Манас ааламын ак жаандай себелетип, анын улуулугун даңазалап, улуктугун даңктап, эл ичинде бийик зоболого жеткен манасчыларыбыздын бири — Замирбек Баялиев.

Манасчы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен болгон маекте касиеттүү өнөрдү аркалашы, манасчылык жолу, берилген аманаттын милдети, артыкчылыгы тууралуу айтып отурду.

— Чыгармачылык жаатта кандай жаңылыктар болуп жатат?

— Жаңылык дей турган болсок, манасыбызды айтып, милдетти аткарып жүрөбүз. Азыр манаска болгон мамиле, аны угуу мурдагыга караганда өсүп калды.

— Сизге атайы арналып өргө тигилди деп жатышат?

— "Супара Чуңкурчак" жайлоосуна ыраматылык Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңылсынзат Турганбаева Манас айтсын деп атайын ак өргө көтөрүп берди. Мен ошол жерде ишемби, жекшемби күндөрү келген конокторго улуу Манас баянынан күпүлдөп айтып жатам. Жанымда Эрнис уулу Аскар аттуу котормочу иним чет тилдүүлөргө жеткирип жатат.

— Алгач мындай сунушту кандай кабыл алдыңыз?

— Териме батпай сүйүнүү менен кабыл алдым. Себеби илгери талаада атайын короого коюн таштап, боз үйдүн ичинен Манас уккан адаттагы иш болсо, бүгүнкү жол жээгинде боз үйлөрдүн көбү көр турмушка байлангандар болуп калды. Атайын манасчыга өргө тигип берип, иштешүүгө чакыргандары, албетте, кубандырат. Бул кадамдары жаңылыкка, чоң бир саамалыкка айланды десек болот. Азыр мындай учур абдан сейрек.

— Манас эпосунун көркөмдүүлүгүндө сөз жок. Аны чет элдик конокторго которуп берүү жагы ойдогудай эле болуп жатабы?

— Тилдердин өзгөчөлүгүн эске алабыз. Маселен Көкөтөйдүн ашы деген эпизодду океандын ары жагынан келгендерге аш болбогондуктан "Байыркы Олимпиада" деген салыштыруу менен жеткирип жатабыз.

— Алардын кабыл алуусу кандай болуп жатат?

— Өтө жакшы. Чоң эпосту манасчынын оозунан уктук деп тамшанып кетип жатышат. Каалоо-тилек, жылуу сөздөрүн айтышууда. Ошонун бардыгы көлөмү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турган эпоско болгон мамилени көргөзүп жатат.

— Мындай самаалыктар мурда болгонбу?

— Илгери байлар, бийлер, колумда бар дегендин бардыгы ырчы, чоорчу, манасчы, төкмө акын дегендер үчүн уюштуруп келген. Себеби өнөрдү кут даарып, оомат келет деп ыйык тутушкан. Маселен Кумар уулу Балык деген манасчыны Байтик бий Ажыбек даткадан суратып атып алдырган. Ошондо манасчы үч ай ажырашаар аяк уюштуруп Талас эли менен коштошуптур. Анан Чүйгө келип өмүр бою Манас айтыптыр. Эл ичинде бир Манас өлгөндө, бир Балык көчкөндө Таластын ичи ээнсиреди деген аңыз кеп калган.

Бир караганда бүгүн деле ошондой окуя кайталанып жаткандай туюлат. Себеби азыр базар экономикасы үстөмдүк кылган заманда, акчасы бар киши ай чапчып турган доордо руханий байлык үчүн атайын өргө тигип берип, Манас айттырган Жаңылсынзат эжени баатыр катары сыпаттасак да болот.

— Манасчылык өнөргө кантип аралашып калгансыз?

— 6-7 жашымда түшүмдө чоң-чоң адамдар кармайын дегенде чочуп, ыйлап ойгонгондорум эсимде. 15 жашымда баатырлар түшүмө кирди. Азыр деле түш көрүп калам. Мектеп жашымда Манастын толук вариантын окуп чыккам. Манас айтып калуумдун көп өзгөчөлүгү, белгилери бар. Бирок түш көрүү сөзсүз болушу керек. Окуялардын бардыгын билүү зарыл, аракет керек, өнөр, касиет дегендин бардыгы болушу кажет. Ушунун бардыгы бир бүтүндүккө жуурулушканда манасчы келип чыгат.

— Манас айткандар тукумуңузда болгонбу?

— Чоң атам 90 жашында көзү өтүп кетти. Мен манасчылык жөнүндө ал кишинден сураганда бирин арбак даарып, табияттан берилсе, экинчиси тукум кууйт деген. Бизде манасчылар болбосо дагы саяпкер, мүнүшкөр, санжырачы, ырчы, сөзгө чечен адамдар болгон. Мен табияттан алдым десем болот. Айылдык турмуштагы бардык нерсени башымдан кечирдим. Куш таптап куш салдым, ит агытып салбурунда жүрдүм, улакка түштүм. Ошонун бардыгы азыркы Манас айтканыма жардам берет. Мунун бардыгы эпосто айтылат.

— Аяндан, касиеттен качканга, баш тартканга болбойт деп айтышат экен?

— Ушундай учур менин да башыман өттү. Манас айтпайм деп көргөн түштөрдү унутканга аракет кылган да учурлар болду. Ошол убакта бейтапканалап эки жыл оорудум. Бардык анализдерим таза чыгат, бирок жан дүйнөмдө бир нерсе санаага түртүп, тынчтык бербей койду. Анан качан Манас айтып, элден бата алып, түлөө өткөрүп, өз жолума түшкөндө ооруган жерим айыгып, көзүм умачтай ачылды. Берилген аманатты кабылдабаса адам турмушунда бактысыз болуп, кырсыктап калышы мүмкүн. Мындай учурлар тарыхта да бар.

— Эргүү келбей, табыңызда болбой калган учурлар да болобу?

— Манас айтыш үчүн атайын угарман дагы, манасчы дагы ошого ой топтошу керек. Жолдон, белден же унаада бара жаткан жерден Манас айтып берчи деген жарамазан айтып берчи дегенге барабар болуп калат. Манас деген улуу дүйнө, ага болгон мамиле, кабыл алуу дагы улуу болушу керек. Менде кыжалат болгон учурлар болот. Угармандар укпай калса, өздөрүнчө сүйлөшүп, телефон тиктеп отурса адамдын ою бөлүнөт.

— Манас айтуу чеберчилигин өстүрүп туруу үчүн кандай ыкмаларды колдоносуз?

— Бир эле жолу — Манасты кайра-кайра айтып туруу керек. Бул жандуу нерсе, айтпай койгонго болбойт.

— Манас айтып жатканда күч көп коройбу?

— Тескерисинче жеңилдеп, сергип, жан дүйнөңдө бир нерсе бошонгондой болуп каласың. Манас айтпай калган күндөрү өзүмөн өзүм чарчап, ыкшоолоп, оор тарта баштайм.

— Узак дегенде канча убакыт Манас айткансыз?

— Тынбай он саат айткам. Ал Ак-Өлөңдө "Жети күн жети түн Манас айтуу" долбоорун алкагында ишке ашкан. Анан Талантаалы Бакчиев агабыз келип "тамак бышып калды" деп токтоткон. Ичимен мынча күүлөнүп алгандан кийин 3-4 саат да кое турса болмок экен деп ойлонгонум бар.

— Токтоткон убакта чочуп калбайсыздарбы?

— Бир жолу Индиянын Харидвар деген шаарында барганыбызда Манас айтууга 20 мүнөт убакыт берилген. Алар мага белги катары кол көтөрмөй болушкан. Сахнага чыкканда теленин жарыктары көзүмдү байлап, эч нерсе көрө албай калдым. Анан жаныма келип токтоткондо селт этип барып токтогом. Ал учурда убакытты гана болжой албай калгам.

— Мындан эки жыл мурда Якутияда өткөн "По зову земли Олонхо" аттуу манасчылардын эл аралык фестивалында баш байгеге татыдыңыз эле. Ал жактагы ири сынак эмнеси менен эсте калды?

— Ал фестивалда 16 мамлекеттин эпос айтуучулы биригип, калыстар тобу эл аралык болуп түзүлүп, биричилик менин энчиме тийген. Якутиянын башчысы Егор Борисов бриллиант чөгөрүлгөн медаль, спикери Александр Жиркин алтын саат тапшырган. Башка элдердин эпос аткарганын ошондо көрдүм. Ал жакка якуттардын олонхосун окуп түшүнүп алып барган болчумун. Алардын Нургун баатыр жөнүндөгү эпосу бар, 36 миң ыр сабынан турат. Менден алар сынактан тышкары олонхону да манастай кылып айтып бере аласыздарбы дешкенде мен макул болуп күпүлдөп айтып бердим. Бир чети баа берип, бир чети таң беришкен. Колум бошоп, эргүү келгенде олонхолордун Нургут баатырын дагы өз варинатымда жазып койсомбу деген оюм бар.

Бир жылдан кийин дагы баргам. Анда Якутиянын маданият министри Владимир Тихоновдун атайын чакыруусу менен барып, фестивалга катышкам. Кыргыз диаспорасы былтыр биринчиликти алганда жолукканга жетишпей калганбыз деп Манас угушуп, аргымак мингизишкен. Кептин баары аргымакта эмес. Алардын жүрөгүндө Манас бар экендиги, кыргыз бар экендиги, Ала-Тоо эсинде экени, жүрөгүндө Чыңгыз бар экендиги аябай кубандырып, төбөм көккө жеткен.

— Рахмат. Мүмкүн болсо акыркы суроом жеке жашооңуз тууралуу болсун?

— Келинчегим Перизат менен беш жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Менден төрт жашка кичүү. Сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөн жакшы окшойт деп калам. Ошол сүйлөшүүлөр, бири-бирибизге болгон мамилелер, асыл ойлор, алдыга койгон максаттар менен турмуш жолубуз калыптанып келе жатат. Мектеп курагындагы үч кызыбыз бар.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...