Акыркы макалалар

Бир жума ичинде айдоочуларга 3,5 млн. сомдук айып салынды

Бир жума ичинде айдоочуларга 3,5 млн. сомдук айып салынды

Ушул апта башынан бери административдик айып бузган айдоочуларга карата Кайгуул милициясы тарабынан 5445 протокол түзүлүп, 3 миллион 455 миң сомдук айып пул салынган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.

Жалпы жонунан 18-22-сентябрь күндөрү рейд учурунда

мас абалында унаа айдаган 26 айдоочуга;

документтери жок 110;

мамлекеттик номер тагылбаган 7 унаанын айдоочусуна;

жасалма номер таккан 6 унаанын айдоочусуна;

жол белгилери боюнча талапты бузган 1769 айдоочуга;

унаа токтотуу эрежесин бузган 628 айдоочуга;

терезелери караңгылатылган 29 унаанын айдоочусуна;

светофордон өтүү эрежесин бузган 264 айдоочуга айып салынып, 214 унаа айып короого токтотулган.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...