Акыркы макалалар

Ош шаарында кыздарды турмушка даярдоочу курс ачылат

Ош шаарында кыздарды турмушка даярдоочу курс ачылат

Курман айттан кийин Ош шаарындагы борбордук мечитте кыздарды турмушка даярдоочу атайын курс ачылат. Бул тууралуу "Марал" радиосуна Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев билдирди. Анын айтымында, курстун негизги максаты - азыркы коомдо жаштарга нике, үй-бүлө маселеси, үй-бүлөдөгү аял-эркектин жана кайнене, кайнатанын орду жөнүндө маалымат берүү.

"Курска 15 жаштан өткөн кыз келиндердин баары катыша алат, окуу мөөнөтү бир айды түзөт. Акы төлөнөбү, жокпу азырынча белгисиз. Ошол убакыт келсин, анан чечебиз", - дейт шаардын казысы.

Ал эми "Мутакаллим" аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызы, кыздарды турмушка даярдоочу атайын курстан өткөрүү менен үй-бүлөдөгү ажырашууларды азайтууга болот. Үй-бүлө бекем болсо мамлекет да бекем болот. Бул абдан жакшы иш чара экенин баса белгиледи.

Муфтийдин орун басары Равшан Эратовдун айтымында, бул курс Ош шаарында пилоттук түрдө ачылып жатат, келечекте мындай долбоорду республикадагы баардык казыяттарга жайылтуу пландаштырылууда.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...