Акыркы макалалар

Кыргызстанда эки залкардын атынан сыйлык негизделди

Кыргызстанда эки залкардын атынан сыйлык негизделди

Кыргызстанда атактуу инсандар Салижан Жигитов жана Ишенбай Абдуразаков атындагы сыйлыктар негизделди. Бул туурасында РухЭш сайтынын түптөөчүсү Олжобай Шакир билдирди.

"Белгилүү адабиятчы, сынчы, окумуштуу Салижан Жигитов менен мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков атындагы сыйлыктар пайда болду. Ал эки адамга гана ыйгарылат. Бул наамдар ар дайым улуттук, мамлекеттик кызыкчылыкты коргоп, жалпы коомчулуктун мүдөөсүнө шайкеш багыттагы туруктуу позицияны карманып келаткан инсандарга берилип турмакчы", — деди Олжобай Шакир.

Ал сыйлыкты тапшыруу РухЭш сайтынын бир жылдыгына карата берилип жаткандыгын кошумчалады.

Олжобай Шакирдин айтымында, наамга татыктуу деп табылган эки адамга 100 000 сомдон сыйлык ыйгарылат.

Бул иш чарада "Көркөм адабияттын ролу учурда кандай абалда?" деп аталган темада адабиятчылар баяндама жасашат. Алар аталган сайттын авторлорунун бири, жазуучу жана публицист Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгы тууралуу кеп кылышат.

Муну менен бирге Шайдуллаеванын жакында жарык көргөн "Кызыл өрүк" китебинин бет ачары белгиленмекчи.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...