Акыркы макалалар

ШКУнун Бишкектеги жыйыны аяктады

ШКУнун Бишкектеги жыйыны аяктады

Бүгүн Бишкекте ШКУнун 13-саммити өттү. Самитте негизинен 3 маселе каралды. Сириядагы кырдаал, Афганистандагы күчтөрдүн чыгарылуусуу жана Ирандын ядролук курал колдонуусу тууралуу болду. Соңунда Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммитинин жыйынтык документтерине кол коюлду. Бишкек декларациясы, ынтымак жана кызматташтык жөнүндөгү келишимди ишке ашыруу боюнча беш жылдык план кабыл алынып, уюмдун баш катчысы менен аймактык антитеррордук түзүмүнүн докладдары бекитилди.

Бул жыйынга катышкан өлкөлөрдүн дээрлик бардыгы Сириядагы кырдаалды жөнгө салууда БУУнун Коопсуздук кеңешинин пикири эске алынышы керектигин жана химиялык куралды эл аралык көзөмөлгө өткөрүп берүү боюнча Орусиянын демилгесин колдой турганын билдиришти.

Ошондой эле Шанхай кызматташтык уюму эл аралык чөйрөдө мааниси артып баратканын белгилешип, бул уюмдун алкагында трансулуттук магистралдарды салууну жана энергетикалык клубун ачууну сунуштады.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...