Акыркы макалалар

Профессор: Кыргыз тилин кыргыздар сүйлөбөсө өлүү тилге айланат

Профессор: Кыргыз тилин кыргыздар сүйлөбөсө өлүү тилге айланат

Кыргыз тили өлүү тилге айланбашы үчүн жок дегенде кыргыздар өздөрү эне тилинде сүйлөшү керек. Мындай пикирин 21-сентябрда кыргыз тилинде жарык көргөн “Хрестоматия” китебинин бет ачаарында аталган эмгектин автору, профессор А.Болотов билдирди.

Ал азыркы учурда кыргыз үй-бүлөлөрүндө да өз ара орус тилинде сүйлөшкөндөр көп экенин, эгерде кыргызча суйлөшсө орусча сөздөрдү аралаштырып сүйлөй турганын белгиледи. Ошондуктан, профессор мамлекеттик тилди үгүттөөнүн үстүндө олуттуу иш жүргүзүү зарыл деп эсептейт.

Дагы бир окумуштуу Темир Кулматов Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттары жана реклама даярдоочулар чет элдик же орус тилиндеги сөздөрдү кыргызчага туура эмес которушаарын, же болбосо таптакыр эле жаңы сөздөрдү ойлоп таап жатышканын билдирди.

Окумуштуу мындай көрүнүшкө карата Улуттук тил комиссиясы көзөмөл жүргүзүшү керек деп эсептейт. Болбосо орусча чалып сүйлөгөн жаштардын катары дагы көбөйөөрүн айтат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...