Акыркы макалалар

БШК: жашы жете электерди үгүт иштерине тартууга болбойт

БШК: жашы жете электерди үгүт иштерине тартууга болбойт

Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, жашы жете электерди үгүт иштерине тартууга тыюу салынат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Талас облусунда окуучулардын талапкерлердин бири менен жолугушууга тартылышы боюнча "Азаттык" радиосуна комментарий берген учурда билдирди. Анын айтымында, БШКга балдарды үгүттөөгө тарткан фактылар жөнүндө маалымат түшкөн эмес:

- Жашы жете электер үгүт иштерине катышпашы керек. Бизге андай маалымат түшө элек. Мыйзам боюнча 18 жашка чейинки жарандардын үгүт жүргүзүүгө укугу жок. Ал эми ата-энелеринин уруксаты менен сүрөткө түшүп, фон жаратса болот.

Бүгүн КСДПдан президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбековдун Талас облусунун Манас районундагы жолугушуусуна келген элдин арасында мектеп окуучулары да жүргөнүн "Азаттык" радиосунун аймактык кабарчысы маалымдаган. Балдардын бир тобу "Сооронбай Жээнбеков" деп жазылган желектерди кармап жүргөнү сүрөткө тартылган. Райондогу "Улукман" лицейинин жогорку классынын окуучуларынын айрымдары окуу жайдын директору "Сооронбай Жээнбековдун концертине баргыла" деп сабактан бошотконун айтышкан.

Ал эми Манас райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Замир Маркашов окуучулардын жыйынга келгенин алардын концерт көрүү максаты менен байланыштырган. Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы бул боюнча комментарий бере элек.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...