
Нарын облусу боюнча 23 миң балага ысык тамак берилүүдө. Ысык тамак үчүн жаңы окуу жылында болжолдуу түрдө 41 млн 700 сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Облустун усулдук билим берүү бөлүмүнүн адиси Кубан Макаевдин "Марал" радиосуна берген маалыматында, Нарын облусундагы Ак-Талаа, Кочкор, Нарын райондорунун мектептери БУУнун азык-түлүк программасынын долбоору боюнча ашканалары ремонттолуп, жаңы эмеректер менен толукталган. Ошондой эле, аталган райондордун мектептерине ар бир окуучуга республикалык бюджеттен 10 сом бөлүнүп, ата-энелер жана айыл өкмөттөр тарабынан дагы 5 сом кошулуп, 15сомго тамак берилип жатканын кошумчалады..
Ал эми өткөн жылда 22 миң 429 окуучуга ысык тамак ичүүгө 37 млн 500 миң сом бөлүнгөн.
Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар
Түп нускага шилтеме : maralfm.kg
Азырынча бир да пикир жок...