Акыркы макалалар

Ноябрда Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгы белгиленет

Ноябрда Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгы белгиленет

Ноябрь айынын орто ченинде белгилүү акын, драматург жана сатирик Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында акындын чыгармаларынын үч томдугу басылып, Бишкек шаарына эстелиги тургузулат. Мындан тяшкары, Алыбаев тууралуу телеканалдардан хроникалык, даректүү берүүлөр көрсөтүлөт. Ошону менен катар өлкөнүн жер-жерлеринде акындын өмүрү менен чыгармачылыгына арналган конференциялар өткөрүлмөкчү.

Мидин Алыбаев 1917-жылы Нарындын Жумгал районуна караштуу Чаек айылында туулган. 1937-жылы анын "Бактылуу жаштык" деп аталган биринчи ырлар жыйнагы жарык көргөн.

Алыбаевдин "Маяковскийге поэзиялык отчет" публицистикалык поэмасы, "Курорттогу окуя", "Жантектин керээзи" аттуу пьесалары белгилүү болгон. Сатирик катары ал "Акчүч" "Балтек жөнүндө баян", "Кызматтан түшкөн короз", "Карга менен сагызган", "Бак жана жылан", "Түлкү менен кашкулак" сыяктуу бир топ тамсилдерди жаратып, өтө көйгөйлүү темаларды сатиралык маанайда терең ачып берген.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...