Акыркы макалалар

ШКУда кайсы маселе актуалдуу болот?

ШКУда кайсы маселе актуалдуу болот?

11-сентябрдан тарта Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 2,5 миң милиция кызматкери 14-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт. Жол-кайгуул кызматы саммитке келген коноктордун жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шаардын айрым көчөлөрүн убактылуу жабууга мажбур болоорун айтууда. Аймактагы коопсуздук жана экономикалык кызматташтыкты бекемдөө максатында 2001-жылы түзүлгөн ШКУга алты өлкө мүчө. Алар - Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан. 13-сентябрда аталган 6 өлкөнүн башчылары жолугуп , эл аралык регионалдык жана Афганистандан АКШнын аскерлери чыгарылгандын кийинки кырдаалды талкууга алаарын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Эл өкүлү Равшан Жээнбековдун айтымында, Шанхай Кызматташтык Уюумуна мүчө өлкөлөр талкууга алуучу эң актуалдуу маселе-бул Сирия боюнча биргелешкен көз караштарын дүйнөлүк саясий аренага алып чыгуу.

Эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча уюмдун жетекчиси Артур Медетбековдун билдиришинче, жыйында талкууга алынуучу негизги маселе болуп, 2014-жылы АКШнын Афганистандан аскерлерин чыгарып кеткенден кийинки ШКУга кирген өлкөлөрдөгү кырдаал болмокчу.

Ал эми саясий серепчи Марс Сариевдин баамында, саммиттеги сүйлөшүүлөр саясий жана экономикалык багытта жүрөт. Саясий багытта Сирия жана Афганистандагы кырдаалдар каралса, экономика жаатында Кытай тарап Кыргызстанга кеминде 5 млрд долларга келишим түзүүсү күтүлөт.

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн кызыкчылыгына жооп берген жалпы маселелерден сырткары Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара маселеси да талкууланышы мүмкүн, бирок, чечилиши күмөндүгүн Марс Сариев билдирет.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...