Акыркы макалалар

Ош шаарындагы базарларда эттин баасы чечилди

Ош шаарындагы базарларда эттин баасы чечилди

Ош шаарында эттин баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу, тургундар арасында ар кандай пикир жаралууда. Үстүбүздөгү жылдын июль айына чейин 1 кг уй этинин баасы 280 сом болсо, мындан 2 ай мурда уй этинин баасы кескин түрдө 20 сомго кымбаттап, койдун эти менен бирдей баада болуп калган. Ошонун натыйжасында, шаар мэриясында кой жана уй эттеринин баасы мындан ары дагы кымбаттап кетпөө үчүн экономикалык монополияга каршы күрөшү бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда талкуулар болду. Жыйында эттин туруктуу баалары чечилген. Ош шаардык мэриясынын Экономика, каржы жана ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Чыныбек Тойчиевдин берген маалыматында, буга чейин мэриянын атайын комиссиясы рейд өткөрүп, эттин баасы менен сатуучулардын чыгаша-кирешесин аныктаган. Жыйынтыгында бүгүн, кой эти – 300, уй эти – 290 сом болуп чечилди. Ошондой эле сатуучулар белгиленген баадан ашырбоого убада кылышкандыгын кошумчалады.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...