Акыркы макалалар

БАТКЕНДИКТЕР ЭМИ КЫШКА ЗАРЫКПАЙТ

БАТКЕНДИКТЕР ЭМИ КЫШКА ЗАРЫКПАЙТ

Баткенде күнүнө 50 миң даанага дейре кыш өндүргөн завод пайдаланууга тапшырылды. Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүндөгү бул ишкананын ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов, Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл эли тегиз катышты.

Жеке ишкер Мурзакарим Ботобеков 600 миң АКШ долларга бааланган кыш заводун тез арада заманбап куруп, сапаттуу бышкан кыш өндүрүүгө жетишти. Продукциянын дааны 5 сом 50 тыйындан. Даяр кыш Баткен, Ош облусуна жана кошуна Тажикстанга дейре сатылууда. Заводдо ушул тапта 80 киши жумуш орду менен камсыз кылынды. Булардын орточо маянасы 15 миң сомдон. Ушул тапта күн сайын 40 миңден 50 миңге чейин кыш өндүрүлүп жатат. Баса, бул аймактагы топурактын кору дагы 20 жылга жетээри аныкталды, — дейт Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев.

Ал эми акыркы саатарда аталган айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылында узундугу 2 чакырымга созулган ички жол пайдаланууга тапшырылды. Мунун жалпы сметалык наркы баасы 10 миллион сомду чапчыды. Ошентип, республикалык бюджеттин эсебинен буга 4 миллион 600 миң сом каралып, жолдун дээрлирк 1 чакырмына асфальт басылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...