Акыркы макалалар

Азия оюндары-2017: Кыргыстандын куржунуна төрт коло медаль түштү

Азия оюндары-2017: Кыргыстандын куржунуна төрт коло медаль түштү

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында спортчу Назира Арзыбекова Кыргызстандын куржунуна экинчи коло медаль алып келди.

Назира Арзыбекова түркмөн күрөшү боюнча 70 кгдан жогорку салмакта мелдешке чыккан.

Мындан сырткары спорттун аталган түрү боюнча мелдеште 75 кг чейинки салмакта Кененбек Шамшидин уулу жана 63 кг чейинки салмакта Уулкан Алибай кызы дагы коло медалдарды тагынышты.

Ошону менен Кыргызстандын эсебинде 4 коло медаль болду. Буга чейин Ариет Бекишев джиу-джитсу боюнча мелдеште коло тагынган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...