Акыркы макалалар

Жалал-Абад шаарында эл аспаптар оркестри түзүлөт

Жалал-Абад Шаарындагы Глинка атындагы музыкалык мектепте мугалимдердин

курамынан турган кыргыздын бүтүндөй улуттук аспаптарын бириктирип, элдик

аспаптар оркестри түзүлөт. Бул тууралы аталган мектептин элдик аспаптар

бөлүмүнүн башчысы Фарида Стамкулова билдирди

Шаар боюнча атайын элдик аспаптардын топтомунан турган

оркестр жок. Мындан ары ошол топту түзүп, майрамдарга, коомдук иш-чараларга

активдүү катышып, элдик аспаптарды эл арасына кеңири жайылтуу максаты турат.

— Аталган оркестрге бардык элдик аспаптарды камтыйбыз. Учурда жаштарыбыз

комузду гана жакшы билишет, бирок анын катарында ооз комуз, чопо чоор, кыл-

кыяк, чоор сыяктуу башка аспаптар да бар эмеспи. Булар тууралуу жаштар жакшы

биле бербегендиктен, эми ушул сыяктуу аспаптарды жайылтууну көздөп жатабыз,

— дейт Ф. Стамкулова.

Алынган маалыматка караганда, эл аспаптар орскетринин курамына жалпысынан

13 музыкант тартылат. Уюштуруу иштерине жалпысынан эки ай талап кылынары

айтылууда. Андан соң оркестр эл алдына чыкмакчы.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...