Акыркы макалалар

Азия оюндары: Футзал боюнча Кыргызстан курамасы Иордания менен ойнойт

Азия оюндары: Футзал боюнча Кыргызстан курамасы Иордания менен ойнойт

Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттардагы спорттук мелдештер жана жекеме жеке таймашуу өнөрү боюнча Азия оюндарынын алкагында оюн баштайт.

Бешинчи Азия оюндары Ашхабадда 17-сентябрдан 27-сентябрга чейин өткөрүлөт.

Кыргызстандын курама тобунда 12 оюнчу барды, алар машыктыруучу Амиржан Мукановдун жетекчилиги алдында беттешүүгө чыгышат.

Футзалдык беттешүү боюнча чүчү кулак кармашууда Кыргызстан курамасы Иран, Иордания жана Таити менен бирге D тобуна туш келди.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, Ашхабаддагы Азия оюндарына Кыргызстандан 153 спортчу жалпы 17 спорт түрү боюнча катышууда.

Жабык имараттардагы Азия оюндары 2003-жылдан бери өткөрүлүп келет. 2009-жылдан тартып мелдештерге жекеме жеке таймашуу боюнча Азия оюндары кошулган.

18-сентябрга карата мелдештердин тартиби:

1 тур

12:00 Иран — Таити

14:15 Кыргызстан — Иордания

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...