Акыркы макалалар

Бишкектеги Кытай элчилиги студенттерге виза берүү мөөнөтүн дагы узартты

Бишкектеги Кытай элчилиги студенттерге виза берүү мөөнөтүн дагы узартты

Кытай элчилиги кыргызстандык студенттерге виза берүү мөөнөтүн дагы узартты.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кытайда окуган студенттер үчүн виза алуу 29-сентябрга чейин узартылды.

Жаңы келишимге ылайык, Кытайда окуган кыргыз студенттери виза алуу үчүн 29-сентябрга чейин Бишкектеги Кытай элчилигине кайрыла алышат.

Документтерди кабыл алуу дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү саат 9.00дөн 12.00гө чейин жана 15.00дөн 16.00гө чейин жүрөт. Ал эми, шейшемби, бейшемби күндөрү саат 9.00-12.00 аралыгында кайрылса болот.

Буга чейин Бишкек шаарында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында студенттик виза берүүнүн мөөнөтү 21-августтан 15-сентябрга чейин узартылган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...