Акыркы макалалар

Экспортко багытталган ишканаларды каржылоо долбооруна кол коюлат

Экспортко багытталган ишканаларды каржылоо долбооруна кол коюлат

Кыргызстанда 18-сентябрдан тартып банк мекемелери ортосунда “Экспортко багытталган жана импорттун ордун алмаштыруучу ишканаларды каржылоо -1” долбоору боюнча макулдашууга кол коюу жол-жобосу башталат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун каржылоо булагы болуп, Кыргыз Республикасынын бюджети, коммерциялык банктардын жана адистешкен каржылык-насыялык уюмдардын каражаттары болуп саналат. Атап айтканда, мамлекеттик бюджеттен 350 млн сом өлчөмүндөгү каражат каралат. Ал эми жалпы насыялоонун суммасы 3,5 млрд сомго жетери болжолдонууда.

Долбоордун маалыматы боюнча, коммерциялык банктар тарабынан кайра иштетүүчү, азык-түлүк жана жеңил өнөр жай өнүмдөрүн, ошондой эле жогорку технологиялык продукцияларды өндүргөн ишканаларга жылдык 10% менен насыя берүү каралууда. Жүгүртүүдөгү каражаттарды кайтаруу мөөнөтү 3 жыл, ал эми негизги каражатты кайтаруу 5 жылга чейин болот. Аны менен бирге негизги сумма боюнча 6 айга чейин жеңилдик мөөнөтү берилет.

Андан тышкары “Айыл чарбасын каржылоо — 5” долбооруна жалпы 7 млрд сомдук каражат менен катыша турганын жалпы 7 банк тастыктаган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...