Акыркы макалалар

Балык кармап

Учурда ар ким колунан келген ишти тартынбастан жасаганга аракет көрүп калды. Алыскы, жакынкы кошуна республикаларга байлык издеп кеткендер кайтып келе баштады дегендей. Өз өлкөсүнө келип, бири майда дебестен тоок бакса, бири көлмө жасап балык багат. Ак эмгегинин үзүрүн көрүп жаткандар арбыган сайын, элдин дасторкону да берекеге толуп келе жаткандыгы көңүл кубантат

Көңүл чордонунан орун албаган тармактын бири, бул балык чарбачылыгы. Эми гана элибиздин бул тармакка болгон кызыгуусу күчөгөндөй. Албетте балык чарбачылыгын да өнүктүрүүгө атайын билим керектелет. Иш тажрыйбасы барлар баштатан балык чарбачылыгынын ысык-суугуна чыдап келишет. Акыркы кезде эсепсиз кармалып, кызыл кулактардын капчыгын кампайтып жаткан байлыктын ордун толуктап, көлдөр менен көлмөлөрдөгү балыктарды өстүрүп жаткандар да ушул тармактын эмгекчилдери. Бул туурасында бүгүн азын –оолак сөз козгоп турабыз.

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаментинин билдирүүсүнө караганда 9 айдын аралыгында 1525,5 га көлөмдөгү көлмөлөрдөн, 203,5 тонна балык кармалган.2012-жылдын март айында балыктарды жасалма уруктандыруу менен көбөйтүү максатындагы илимий кеңешмеде Соң-Көл жана Ысык-Көл көлдөрүнө ихтиологиялык чалгындоо жүргүзүлдү. Балык чарбасын өнүктүрүүнүн негизин түзгөн балык корунун канчалык деңгээлде экендигин аныктоо максатында Илимдер академиясынын биолог-кыртыш изилдөө институтунун кызматкерлери менен биргеликте Соң-Көл көлүнүн ихтиофаунасынын курамын аныктап, балыктардын эсебин алууну көздөп, көлдүн ар жерине 3-4 метр тереңдикте 28мм, 35мм көздүү торлор коюлду. Болгону 153 балык кармалды. Кармалган балыктар аркылуу балыктардын көбөйүш жөндөмдүүлүгүнө, жаш чамасына биологиялык анализ жүргүзүлдү. Ошондой эле балыктарды уруктандыруу мезгилинде Ысык-Көл чабактарын көбөйтүүгө эксперимент жүргүзүлдү да, 520 миң чабактар көлгө кое берилди. Департаменттин кийлигишүүсү менен суу тосмолорундагы балык чарбачылыгын өнүктүрүү багытында лосос жана сига балыктары кое берилди. Ысык-Көл, Чүй облустарынын инкубациялык цехтеринде Ысык-Көл форели 1,388 млн. даана, сига-лудога 7,800 млн. даана жана 27 млн. даана пеляди балыктары инкубацияланды.

Май айында республика боюнча 18 млн. 911 миң баалуу балык түрлөрү көлдөр менен көлмөлөргө кое берилди.

Үнсүз, колу-буту жок бул байлыктын башатын адам баласы ченемсиз кармап, өз кызыкчылыгына жумшай баштаганда, балыктар дагы коргоого муктаж болуп калышты. Быйыл эле «Кубакы», «Сосновка», «Сары-Чат» жол тосотторунан балык сатып байыгысы келгендер кармалып, колундагы байлыктары мамлекетке кайтарылды. Мисалы «Кубакы» жол тосотунан 363 кг пеляди балыгын жүктөп келе жаткан А. Ибраимов кармалган. Кармалган жаранды Балыкчы шаардык милициясына өткөрүп беришкен. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул бир гана мисал, ал эми кармалбай качып, эбин таап, өтүп кеткендер канча? Балыктарын базарларда эч шарты жок жерде сактап, сатып жүргөндөрдү көрүп жүрөбүз. Демек, балык кармап байыгысы келгендерге да мыйзам барлыгын эскерте кетмекчибиз.

Нуржамал Курманкулова

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...