Акыркы макалалар

Нарын шаарынын туулган күнү белгиленмей болду

КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН, НАРЫН

17-сентябрь мындан ары Нарын шаарынын күнү катары ар жылы белгилене тургандыгына шаардык кеңештин депутаттары макулдук беришти. Депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын VIII кезектеги отурумунда үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрь күнү Нарын шаарынын негизделишинин 145-жылдык мааракеси өткөрүлө тургандыгы талкууга алынып, жыйынтыгында депутаттар ушул күндү “Нарын шаарынын күнү” болсун деп табышты. Ошону менен катар жергиликтүү эл өкүлдөрү 145 жылдык тарыхый датаны өткөрүү жайма-жай акыбалда жүрүп жаткандыктарын белгилешти. “Нарын өлкөдөгү эски шаарлардын бири. Бирок эмнегедир мериянын, облустук жана республикалык бийликтин шаардын мааракесин өткөрүүгө кызыкчылыгы төмөн болууда”,-дешти депутаттар. “Мисалы президент Алмазбек Атамбаев өзү жыл сайын Нарын шаарынын жолдорун кайра оңдоп чыгуу үчүн акча бөлүнөт деп билдирген. 2010-2012-жылдары 50 жана 30 миллион сомдон бөлүнүп, борбордук көчө жаңы асфальттала баштаган эле. Быйыл болсо бир сом бериле элек”,-деди КСДПдан шайланган депутат Билим Жакеев. Мындай пикирге шаар жетекчиси дагы кошулду. “Сиздер эч нерсе болгон жок деп айтып жатасыздар. Жумуштар жасалууда. Бирок бардык аракет мериянын жана сиздердин колдооңуздар менен гана болууда. Облустан жана республикадан болсо эч жардам болгон жок. Биз «кедей өз киндигин өзү кесет» абалда болуп калдык. Бирок шаардын мааракеси өткөрүлөт”,-деп билдирди шаар мэри Баатырбек Жээналиев.

06.09.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...