Акыркы макалалар

“Ата Журт” фракциясына жаңы депутаттар келди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) “Ата Журт” фракциясына жаңы депутаттарды бекитти. 5-сентябрда БШКнын жыйынында "ата журтчу" Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ордуна жаңы депутаттар бекиди. Алар: Кантемир Мурзабеков, Майрамкан Кадырбекова жана Бакыт Шаршеев.

20-августта Жогорку Сот К.Ташиев, С.Жапаров жана Т.Мамытовду күнөөлүү деп таап, БШК аларды депутаттык мандаттан ажыраткан эле.

Парламент депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов өткөн жылдын 3-октябрында “бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган” деген айып менен камалган. Аларды кийинчерек Бишкек шаардык соту толук актаганы менен Жогорку Сот “күнөөлүү” деп тапкан.

АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

06.0913

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...