Акыркы макалалар

Бишкекте автотыгындар көбөйүп жатат

Бишкекте автотыгындар көбөйүп жатат

Борбор калаадагы автотыгын күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Күз мезгилинин келиши менен калаадагы автоунаалардын саны өсө баштады . Көчөлөрдүн тардыгы, жолдордун начар абалы, транспорттун көптүгү жана эскилиги жеткен жол чырактарынын иштебей калышы автотыгындарга себеп болот . Машиналардын тыгыны эртең мененки саат 7ден 9га чейин болсо, кечкисин шаардыктар жумуштан кайткан убакка туш келет. Буга дагы бир себеп, Бишкек шаарынын көчөлөрү 40 миң автоунаага ылайыкташылган болсо, учурда каттоодо гана турган унаалардын саны 200 миңден ашат. Учурда өлкөгө чет жактан күнүнө 250 автоунаа алынып келинсе, аймактардан дагы борборго көп сандагы автоунаа кирет.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...