Акыркы макалалар

Оштук жаш спортчулар Казакстанда өтүүчү III Евразия оюндарына катышат

Оштук жаш спортчулар Казакстанда өтүүчү III Евразия оюндарына катышат

14-21-сентябрга чейин Казакстандын Алматы шаарында өспүрүмдөр арасында III Евразия оюндары өтөт. Ага Ош шаарындагы спорт комитетинен грек-рим күрөшү боюнча эки балбан, Мухаммед Абдурашидов жана Хожакбар Абылкасымовдор катышат. Бул тууралуу Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары Заир Тагаев билдирди.

Ош шаардык “Алыш” спорт мектебинин ага машыктыруучусу Сулайман Миңбаевдин айтымында, спортчулар буга чейин машыгууларды Ысык-Көлдөн өткөрүп, учурда Ош шаарында улантып жатышат. Жакынкы аралыкта Казакстанга жол тартышат.

III Евразия оюндарында спорттун бир нече түрү боюнча мелдештер өтүп, 21-сентябрда аяктайт.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...