Акыркы макалалар

Ошто өзбек тилиндеги "Ахборот" гезити кайра чыга баштады

Ошто өзбек тилиндеги "Ахборот" гезити кайра чыга баштады

Жети жылдык тыныгуудан соң Ошто өзбек тилиндеги "Ахборот" гезити чыга баштады. Басылма быйыл сентбярдан тарта ишмердигин улантып жатканын баш редактор Барно Исакова билдирди. Анын бетачары өткөн жумада Бабур атындагы театрдын имаратында болду. Учурда ондон ашуун журналист иштейт.

- Макалаларды элдин турмушунан алып жазабыз. Баяндарыбыз жандуу болот. Интернет сайттардагы маалыматтарды көчүрүп гезитке чыгарбайбыз. Мигранттардын маселесине кайрылабыз, - дейт Исакова.

Коомдук турмуштагы окуялар, соңку жаңылыктарды таратууга багытталган "Ахборот" гезити 2006-жылы негизделип, төрт жыл такай чыгып турган.

Ахборот сөзү кыргыз тилинде маалымат дегенди түшүндүрөт.

2010-жылга чейин Кыргызстанда өзбек тилинде аталган гезиттерден тышкары, "Мезон", DDD аттуу эркин басылмалары болгон. Ошондой эле Жалал-Абад, Ош облустук расмий гезиттери да өзбекче чыккан. Алар ишин үзгүлтүксүз улантууда.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...