Акыркы макалалар

Дүйшөбаев: 2010-жылы Текебаевдин экономика маселелерине тиешеси жок болчу

Дүйшөбаев: 2010-жылы Текебаевдин экономика маселелерине тиешеси жок болчу

Бишкек шаардык сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланууда. Күбө катары чакыртылган, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Кеңешбек Дүйшөбаев көрсөтмө берип, сотто кеп болуп жаткан мезгил аралыгында экономика тармагын Алмазбек Атамбаев караганын, Текебаев реформа боюнча жооптуу болгонун айтты.

Ал бардык маселелер жалпы чечим менен кабыл алынып турганын, Убактылуу өкмөттүн 44-декретин (улутташтыруу жөнүндө) ошол кездеги Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Атамбаев тиешелүү органдар менен чечишкенин, өзү коопсуздук маселесин карагандыктан аки-чүкүсүн билбесин айтты.

Ошондой эле ал 13-майда өткөн жыйынга Текебаев да, Чотонов да катышканын билдирди. “Алардын “Мегаком” боюнча кызыкчылыгы болсо биз билмекпиз, чара көрмөкпүз” деди.

Текебаев жана Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деп өткөн айда Бишкектин Биринчи Май райондук сот аларды сегиз жылга эркинен ажыраткан. Адвокаттар апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган.

Кылмыш ишти Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген.

Айыпталуучулар муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук деп атап жатышат. Ал эми Башкы прокуратура куугунтук жок экенин белгилеген.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...