Акыркы макалалар

Баткенде Тажикстандын куралчан төрт жараны кармалды

 Баткенде Тажикстандын куралчан төрт жараны кармалды

Чек ара кызматкерлери 1-сентябрь күнү Баткен облусунун Акчечек айыл аймагынан Тажикстандын төрт жаранын кармаган. Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан Сажира Чоколоева билдирди. Анын айтымында, коңшу өлкөнүн жарандары чек арачыларды көргөндө качууга аракет кылышкан. Кызматкерлер абага эки жолу эскертүүчү ок атканда гана алар токтогонго мажбур болушкан.

Аларды текшерүү учурунда 2 даана снайпер менен 3 мылтык ошондой эле 25 ок жана 8 кекилик табылган. Тиешелүү докуменнтер толтурулуп, курал - жарактары алынган соң, Улуттук Мамлекеттик Коопсуздук Комитетине өткөрүлүп берилди. Учурда УКМК тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...