Акыркы макалалар

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ӨКҮЛҮ ШАЙЛОО ӨНӨКТҮГҮН ЧАГЫЛДЫРГАН ЖМК ӨКҮЛДӨРҮН ЭЛ КӨЗҮНЧӨ КОРКУТТУ

Ушул жылдын 3-сентябрында көз карандысыз НТС телеканалынын кабарчысы Гүлжан Алтымышбаева жана оператору Бекжан Токтосунов Кара-Суу шаардык Кеңешинин шайлоосун чагылдырып жүрүшкөндө Жогорку Кеңештин өкүлү ЖМКнын (жалпыга маалымдоо каражаттарынын) кызматкерлерине ачык эле кысымчылык көрсөтүп, а түгүл аларды коркутуп-үркүткөнгө дагы үлгүрдү. Ушул тапта укук коргоо органдары бул окуянын чыныгы чоо-жайын териштирүүгө батыл киришишти.

НТС көз карандысыз телеканалынын оператору Бекжан Токтосунов экөөбүздү Кара-Суу шаарындагы шайлоо тилкесине кире бериште бейтааныш бирөө жөнсүз токтотуп, документибизди эч сурабастан жабдыктарыбызды дароо тартып алып, айлабызды таптакыр эле курутушту. Тилекке каршы, бизге күтүүсүздөн чабуул жасагандар өздөрүнүн ким экендигин дагы таптакыр тааныштырышкан жок. Ошондуктан, бул фактынын негизинде Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө акыры даттандык. Ушул тапта ар тараптуу териштирүү жүрүп жатат. Ээнбаш жарандарга кандай чара көрүшөт? Аман турсак, муну дагы көрө жатаарбыз, — деди НТС көз карандысыз телеканалынын кабарчысы Гүлжан Алтымышбаева.

Эркин журналист Бакыт Орозбаев муну Кыргызстандагы биринчи окуя катары эсептебейт.

Журналисттерди ооздуктоо жана опузалоо фактылары Кыргызстанда, анын ичинде Ош жергесинде толтура. А түгүл акыркы жылдарда, жашырып не, ЖМК өкүлдөрүн уруп-сабап, акырында өлтүрүп деле кетип жатышпайбы, — деп чырылдады көз карандысыз журналист Бакыт Орозбаев. – Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине жөнсүз кол көтөргөн, же аларды коркутуп-үркүткөн аткаминерлерди жөн эле кызматынан бошотуу – бул жоопкерчиликтен жеңил-желпи эле кутулуунун айла-амалы. Мындан көрө Жогорку Кеңеш ээнбаш өкүлүнө мыйзам чегинде мындан дагы катаал чараларды көрүшү кажет! Анткени, мындай чечим, албетте, башкаларга дагы чындап эле ачуу сабак болсун!

Соңку сааттарда Оштун милициясы ЖМК өкүлдөрүн ачык эле жана жөнсүз опузалаган жигит Жогорку Кеңештин өкүлү — “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин кеңешчи-жардамчысы Муртазали Козубаев экендигин жар салды.

ЖМК өкүлдөрүн коркутуп-үркүткөн жигит Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин кеңешчи-жардамчысы Муртазали Козубаев Кара-Суу райондук ички иштер бүлүмүнө чакыртылып, суракка алынды. Ал жалгыз эмес, шериктери дагы бар экен. Албетте, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан бул жагдай абдан катуу көзөмөлдө! — деп кошумчалады Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев.

Жогорку Соттун экс-төрагасы, Кыргыз парламентинин мурдагы депутаты Курманбек Осмонов муну жакшы эмес жышаан сыңары сыпаттады.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин кеңешчи-жардамчысы Муртазали Козубаевдин аракетине тез арада юридикалык баа берилүүсү кажет! Анткени, анын айынан Жогорку Кеңештин беделине дагы доо кетип, кадырына көлөкө түшүп жатпайбы. Анын үстүнө буга азыртан катаал чара көрүшпөсө, мындай теңирден тескери көрүнүш алдыдагы президенттик шайлоонун жүрүшүндө деле таптакыр кайталанбайт деген кепилдик жок! — деди Жогорку Соттун экс-төрагасы, Кыргыз парламентинин мурдагы депутаты Курманбек Осмонов.

Ошентип, Кара-Суу шаардык Кеңешине шайлоонун жүрүшүн чагылдырып жүрүшкөн ЖМКнын айрым өкүлдөрүнүн укугу ачык эле тебеленип-тепселенди. Эми мындай көрүнүштөр алдыдагы Президенттик шайлоонун жүрүшүндө дагы мындан бешбетер кайталанбашы үчүн ЖМК өкүлдөрүнүн укуктарын жана кадыр-баркын туруктуу коргой турган мамлекеттик органдар табылып калаар бекен? Муну, аман турсак, өзүнчө чагылдырмакчыбыз.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...