Акыркы макалалар

Мурзабек АХМАТАЛИЕВ: «МЫЯЛЫЛЫК БАЛДАРДЫ КОНТЕЙНЕРДЕ ОКУТУП ЖАТАБЫЗ»

Мурзабек АХМАТАЛИЕВ: «МЫЯЛЫЛЫК БАЛДАРДЫ КОНТЕЙНЕРДЕ ОКУТУП ЖАТАБЫЗ»

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кара-Суу районуна караштуу Мыялы айылын абдан кооптуу аймакта жайланышкан деп таап, жергиликтүү калкты Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Присавай жана Эркин кыштактарына мажбурлап көчүргөн. Ошентсе деле аталган айылда коркпостон башпаанелеп калгандардын балдарын окутуу ушул тапта дагыле күн тартибинен түшө элек. Бул жөнүндө Кара-Суу райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мурзабек АХМАТАЛИЕВ кабарчыбызга ат жалындагы маегинде дагы ырастады.

— Мурзабек агай, жергиликтүү бийлик тынбай кууганына карабастан, Мыялы кыштагында дагыле адамдар өмүрүн тобокелчиликке салып жашап жатышкан турбайбы?

— Ооба. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын корутундусуна ылайык Мыялы айылы эле эмес Мыялы мектеби дагы пайдаланууга таптакыр жараксыз деп табылган. Тилекке каршы, жаңы конуштарга мыялылыктар толук бойдон көчүп бүтүшө элек. Болбосо, булардын бардыгы мамлекеттен 200 миң сом ссуда дагы алып бүтүшкөн. Айрымдары эски конушунда дагыле жансактап келатышат.

— Мына, жаңы окуу жылы башталбадыбы. Деги Мыялы айылында калышкан балдар ушул тапта окуусун улантпай эле анда көчө таптап жүрүшөбү?

— Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин түздөн-түз кийлигишүүсү жана жардамы аркасында гана Мыялы кыштагына жылытылган заманбап 4 контейнер орнотулду. Төрт кластта 21 окуучу кадимкидей билим алып жатышат. Агартуучулар дагы абдан таңкыс. Андыктан, буларга үч эле мугалим сабак берип келатат.

— Мурзабек агай, бул кырдаалдан чукул арада кутулуунун деги аргасы бардыр?

— Албетте! Жергиликтүү бийликтер Мыялы кыштагында кудайлап күн кечирип жаткандар менен үзгүлтүксүз сүйлөшүү жүргүзүп келатат. Азырынча бул аракетибиз майнапсыз. Аларды ынандыруу жолу менен гана жаңы конушгтарга тартуубуз абзел! Балким, ошондо гана булар бийликтин азыркы аракетине чындап эле ынанышаар… Демек, жакшылыктан үмүтүбүздү үзбөй туралычы?

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...