Акыркы макалалар

Москвада Кыргызстандын 120 жараны кармалды

Москвада Кыргызстандын 120 жараны кармалды

28-августта жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө Россиянын борборунда 120 Кыргызстандын жараны кармалган. РФнын укук коргоо органдары миграция кызматы менен биргеликте жүргүзгөн мындай текшерүүнүн максаты этникалык кылмыштуу топторго тиешеси бар жана Россиянын аймагында мыйзамдуу жүрүү укугу жок адамдарды аныктоо болуп саналат. Мында негизинен Кыргызстандын жарандары эс ала турган көңүл ачуучу жайлар текшерүүгө алынган. Иш-чаранын жүрүшүндө кармалгандардын бардыгы дактилоскопиялык текшерүүдөн өткөрүлүп, фотосүрөтү тартылып алынып, каттоосу текшерилди. Мындан тышкары, РФнын аймагында жасалган кылмыштарга, анын ичинде уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар же жок экендиги да иликтенген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган кыргыз улутундагылардын 20сы РФнын жараны экендиги аныкталды. Калгандарга Федералдык миграция кызматы тарабынан алардын Россиянын аймагында жүрүүсүнүн мыйзамдуулугу текшерилди. Анын натыйжасында миграциялык мыйзамдуулукту бузган 15 адамга карата аларды өлкө аймагынан депортациялоо үчүн материалдар сотко жөнөтүлдү.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...