Акыркы макалалар

Шайлоо фонду: Төрөбаевдин каражаты Бабановдукуна чукулдады

Шайлоо фонду: Төрөбаевдин каражаты Бабановдукуна чукулдады

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлигин коюп жаткандардын шайлоо фондусунан акча каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндө 4-сентябрга карата алынган маалыматты жарыялады.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун шайлоо фондуна которулган каражат 28-августтагы боюнча турат. Ага ылайык Бабановдун фондуна 52 млн 200 миң сом түшкөн. Коротулган каражаты болсо 28-августтагыдан 2 млн сомго көбөйүп жалпы 50 млн 500 миң сомду түздү. Учурда анын капчыгында 1 млн 700 миң сом бар. Муну менен Бабанов шайлоодо эң көп каражат сарптаган талапкерлердин дагы деле көч башында келе жатат.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынан президенттикке көрсөтүлгөн Бакыт Төрөбаевдин фонду тууралуу БШКнын 28-августтагы берген маалыматы боюнча анын фондуна 29 млн 250 миң сом каражат түшкөн. 4-сентябрга карата ал сумма 47 млн 400 миңге жетсе 5 млн сомдон ашыгы чыгымдалып 42 млн сому сакталып турат. Бул көрсөткүч менен Төрөбаев шайлоо фондуна эң көп каражат которгон талапкерлердин экинчи сабында турат.

Ал эми бийликчил Социал-демократтардын талапкери Сооронбай Жээнбековдун шайлоо фонду өзгөргөн эмес. Анын капчыгына 29 млн 250 миң сом түшкөн. Бирок, өткөн жумада анын 9 млн сомго жакынын сарптасы 4-сентябрга карата анын чыгымы 19 млн сомго чукулдады. Демек азыр Жээнбековдун фондунда 10 млн сомдон ашык каражат сакталып турат. Социал-демократтардын талапкери муну менен үчүнчү катарда келе жатат.

Капчыктуу талапкерлердин катарын толуктаган мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин шайлоо фонду августтун аягындагы көрсөткүч боюнча эле турат. Анын фондуна 14 млн сом салынып, 7 млн сомдон ашыгы чыгымдалса, калганы 6 млн сомду түзөт.

Мыйзам талабы боюнча президенттик шайлоого ат салышып жаткандар милдеттүү түрдө шайлоо фондун ачууга тийиш. Шайлоо мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр боюнча фондго которулчу каражат чектелбейт. БШК ар жума сайын алардын акча кыймылы тууралуу маалыматты расмий сайтына чыгарып турат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Башта президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн БШКга 59 жаран арыз берген. Учурда Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Эрнис Зарлыков, Азимбек Бекназаров, Камчыбек Ташиев, Таалатбек Масадыков, Улукбек Кочкоров, Токтайым Үмөталиева, Арсланбек Малиев жана Арстанбек Абдылдаевдер президенттикке талапкер болуп расмий катталды. Азырынча13 талапкер мыйзамда көрсөтүлгөн бардык талаптарды толугу менен аткарды.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...