Акыркы макалалар

Аида Саляновага мамлекеттик жактоочу дайындалды

Аида Саляновага мамлекеттик жактоочу дайындалды

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Саляновага мамлекеттик жактоочу дайындалды.

Бүгүн, 6-сентябрга белгиленген сот отурумуна Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова баласы ооруп жаткандыгын айтып, келген эмес. Мындан улам, прокурор Нурлан Тагаев айыпталуучу тарап отурумду создуктурууга аракет кылып жатат деген негизде судьяга мамлекеттик жактоочу дайындоо өтүнүчүн келтирип, ал судья тарабынан канааттандырылды.

Депутат Аида Саляновага 2016-жылдын 26-декабрында “кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган” деген негизде Кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ага Юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп турганда издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деген айып тагылууда.

Салянованын иши Бишкектин Ленин райондук сотунда каралып жатат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...