Акыркы макалалар

Ат-Башыда 3 киши сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткырылды

Ат-Башыда 3 киши сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткырылды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 30-августта 3 киши сибирь жарасынын тери формасы жукканына шектелип, ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу өлкөнүн башкы сантардык дарыгери Олег Горин билдирди.

Маалымат боюнча, эпидемологиялык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, 13-августта бейтаптар мал базардын жанында уй союуга катышкан. Бирок учурда уйдун ээси аныктала элек, бирок анын эти оорулуу уй менен байланышта болгон 8 баш бодо мал менен кошо Токмок шаарындагы базарда сатылып кеткен.

Ат-Башы районундагы Казыбек айылынын жашоочулары болгон 3 бейтап дерматолог дарыгерге жара чыкканы боюнча кайрылышкан. 30-августта алар жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми жарадан алынган кандын анализдөөнүн жыйынтыгында эки кишиден сибирь жарасынын козгогуч бактериялары аныкталган.

Андан тышкары, оорулуу уй союлган жердеги топурактан үлгү алынып, лабораториялык жандыктарга жугузулуп, проба жасалууда.

Жалпысынан оорулуу жандык менен 15 киши байланышта болгон, андан 3 киши ооруп калды. Ал эми калган адамдарга ыкчам антибиотик коддонуу менен профилактикалык чаралар көрүлдү. Эл арасында болсо түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...