Акыркы макалалар

Быйыл нан арзан болот

Быйыл нан арзан болот

Кыргызстанда жылына 1млн 200 миң тонна буудай керектелет. Анын 300 миң тоннасы урукка пайдаланылса, калган 900 миң тоннасы тамак-аш азыктарына колдонулат. Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча 223 миң гектар аянттан 600 миң тоннадан ашуун буудай жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк бир гектардан 27 центнерди түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 8 центнерге көп. Быйыл буудайдын түшүмдүүлүгү 250 миң тоннага көп болгондугуна байланыштуу нан жана ун азыктарына болгон баалар жогорулабайт. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн башчысы Жумабек Асылбеков билдирди. Анын айтымында, түшүмдүүлүктүн молдугуна байланыштуу мамлекет быйыл Казакстандан жана Орусиядан буудай сатып албайт. Ал эми өткөн жылы Казакстандан 20 миң тонна, Орусиядан 40 миң тонна буудай алган болчу.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...