Акыркы макалалар

Нарын облусунда көмүр казган 4 ишкана иштебей турат

Нарын облусунда көмүр казган 4 ишкана иштебей турат

Нарын облусунда көмүр казуу жана тазалоо иштери менен алектенген 16 ишкана бар болсо алардын төртөө учурда иштебей турат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов күз-кыш мезгилине болгон даярдыкка байланыштуу республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Көмүр кендеринде иштеп жаткан компаниялардын алтоо көмүр казуу, алтоо тазалоо иштерин жүргүзүп жатса төрт ишкана каражат жок деген жүйө менен иштебей жатканы белгилүү болду. Облус жетекчиси Аманбай Кайыпов ушундан улам вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге көмүр өндүрө албай жаткан компаниялардын лицензияларын алып башка ишканаларга берүү сунушун айтты.

Кайыповдун берген маалыматында Нарын облусу күз-кыш мезгилине жалпы 56 миң тоннадан ашык көмүр жыйнашы керек болсо азырынча план алты гана пайызга аткарылган. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев бул көрсөткүч өтө аз экенин сынга алып көмүр ташууну тездетүүнү тапшырды.

Былтыр Нарында көмүр тартыштыгы болуп элдер бийликке нааразычылыгын билдирип митингке дагы чыккан эле. Кайыпов буга көмүр казган ишканалар күнөөлү экенин айтууда.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...