Акыркы макалалар

«Саякбай» тасмасынын бет ачары 7-сентябрда болот

«Саякбай» тасмасынын бет ачары 7-сентябрда болот

«Саякбай» тарыхый тасмасынын улуттук бет ачары 7-сентябрда өлкөнүн баардык кинотеарларында болот. Бул тууралуу тасманын режиссеру Эрнест Абдыжапаров билдирди.

Аталган тасма ата мекендик кино өндүрүшүнүн көптү үмүттөндүргөн алдыңкы чыгармаларынын бири болуп саналат. Тарыхый тасмада «20-кылымдын Гомери» аталган улуу манасчы Саякбай Каралаевдин өмүр таржымалы баяндалат. Анда башкы ролду актер Марат Жанталиев ойногон.

Андан тышкары тасмадагы негизги ролдорго Тынара Абдразаева, Галина Кетова, Рахат Божокоева, Элина Абай кызы жана Үмөт Дөөлөтов тартылган.

Буга чейин аталган тасманын бет ачаары 31-август — Эгемендүүлүк күнүндө болоору айтылган.

24-августта «Саякбай» тасмасы Эл аралык Монреаль кинофестивалында көрсөтүлдү.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...