Акыркы макалалар

Зилалиев: Бара-бара электр энергия кымбаттайт

Зилалиев: Бара-бара электр энергия кымбаттайт

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев электр энергиясына болгон баа бара-бара кымбаттаарын билдирди. Ал өкмөттүн күз-кыш мезгилине болгон даярдыгы тууралуу республикалык штабдын жыйынында облус жетекчилери менен тиешелүү мекемелердин башчыларына ушундан улам социалдык мекемелерди жана элди көмүр менен камсыздоого басым жасоого чакырды:

— Эми энергетиканын бүгүнкү күндөгү абалын баарыңыздар билесиздер. Сөзсүз түрдө көмүргө көңүл бөлүп, көмүргө өткөнүңөр туура. Мен ачык эле айтып кетейин тарифтик саясатты баарыбир карайбыз. Бара-бара электр энергия кымбаттайт. Дароо эле кымбаттап кетет дегенден алысмын. Ошондуктан азыр алдын ала эле жылуулук маселесинде көмүргө басым жасаганыбыз туура.

Бүгүн вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, Улуттук энергоходинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев, бир катар мекеме жетекчилери жана өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен телекөпүрө аркылуу кышка даярдык маселеси талкууланды.

Учурдагы энергетика тарифине ылайык жарандар 700 кВт саатка чейин жаккан электр жарыгы үчүн 77 тыйындан андан ашкан учурда 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Ал эми кышы катаал, тоолуу Нарын облусунун жашоочулары 1000 кВт саатка чейин 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөшөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...