Акыркы макалалар

Акжол Алымбек уулу пауэрлифтинг боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш тагынды

Акжол Алымбек уулу пауэрлифтинг боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш тагынды

23 жаштагы кыргызстандык спортчу Акжол Алымбек уулу пауэрлифтинг боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациядан билдирди.

Аталган чемпионат 28-августтан 3-сентябрга чейин АКШнын Флорида штатындагы Орландо шаарында өтүүдө.

Акжол Алымбек уулу мелдеште 59 кг чейинки салмакта күч сынашты. Финалдык беттеште ал тайвандык спортчу Лин И-Чун менен бет келип, күмүш байгени багындырды.

Алымбек уулу Акжол жаштар арасында эки жолку дүйнө чемпиону. Ал биринчи жолу 2014-жылы 53 кг чейинки салмакта, 2016-жылы 59 кг чейинки салмакта чемпион болгон.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...