Акыркы макалалар

Тил майрамын утурлай 5 серия менен 26 аталыштагы китептер жарык көрдү

Тил майрамын утурлай 5 серия менен 26 аталыштагы китептер жарык көрдү

Кыргыз тили «мамлекеттик тил» макамын алгандыгына быйыл 28 жыл толот. Бул майрам өлкөдө 23-сентябрда белгиленет. Аны утурлай Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан 5 сериядагы 26 аталыш менен кезектеги жаңы китептер жарык көрдү.

Кыргызстанда 2014-жылы мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы кабыл алынып, аны ишке ашырууга алгачкы жолу мамлекет тарабынан каржылоо болгон. Бүгүнкү күндө ал программа Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан этап этабы менен аткарылып келүүдө. Анын алкагында 2015-жылдан бери жыл сайын кыргызча аталыштагы китептер жарык көрүп жатат. Бул жолу «Азыркы кыргыз адабияты», «Дүбүрт», «Дүйнөлүк адабият», «Дүйнө», «Тарых жана маданият» серияларында 26 китеп жарык көрдү. Бул китептер атайын эксперттик комиссиянын кароосунан өткөндүктөн, мазмуну жана көркөмдүгү жагынан өтө сапаттуу болду дейт, Улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев.

— Бул китептердин бардыгы эксперттик комиссия тарабынан тандалып, бир жыйынтыкка келгенден кийин гана биз тендер жарыялап, чыгардык. Алар эстетикалык, көркөмдүк, маданий жагынан абдан баалуу эмгектер. Мунун ичинде кыргыз адабиятына мүнөздүү болгон классикалык чыгармалар, дүйнөлүк адабият, кыргыз адабиятын чет тилине которуу процесси жана жаш акындардын «Дүбүрт» сериясы камтылган. Мисал катары, классик акын, Кыргыз Эл баатыры Сүйүнбай Эралиевдин «Акмөөр» пэмасы кыргыз тилинде жана англис тилине которулуп, жарык көрдү.

Улуттук программанын алкагында китептерди басып чыгарууга жылына 1 млн 600 миң сом бөлүнөт. Бул каражат ар бир китепти 500дөн 1000 нускага чейин гана чыгарууга жетет. Эми алар болушунча өлкөдөгү китепканаларга таратылаарын Ишекеев кошумчалады.

— Аталган китептерди 500-1000 нускада чыгарууга гана каржы булагы мүмкүндүк берет. Милдеттүү түрдө шаардык, облустук, райондук китепканаларга таратабыз. Мүмүкндүк болуп калса, окуу жайлардын китепканаларына беребиз.

Жарык көргөн китептердин «Азыркы кыргыз адабияты» сериясында Аман Саспаевдин, Мырзаш Ашырбековдун, Салижан Жигитовдун, Ишенбай Мансуровдун, Нурпаис Жаркынбаевдин жана Абдыкадыр Садыковдун эмгектери бар. Ал эми «Дүйнө» жана «Дүйнөлүк адабият» серияларында дүйнөлүк жазуучулардын чыгармалары кыргыз, орус тилдерине жана бар катар кыргыз жазуучуларынын эмгектери орус, англис тилдерине которулган. Алардын бири Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раевдин «Жуманын бешинчи күнү» аталышындагы китеби орус тилинде чыкты. Мындай кадам орус тилдүү окурмандар үчүн чоң олжо болгондугун Султан Раев белгилейт.

— Кыргыз адабиятын башка тилдерге которуу маселеси өтө оор болуп, унутта калып калган. Бүгүнкү күндө кыргыз авторлорунун эмгектери орус тилинде чыгып атышы орус тилдүү окурмандар үчүн чоң олжо болду. Себеби, кыргыз адабиятындагы бүгүнкү процесс, жазуучулар кайсы багыттагы, кандай чыгармаларды жазып жаткандыгы алар үчүн дагы кызык деп ойлойм.

Ошондой эле, «Дүбүрт» сериясынын алкагында беш жаш акындын китептери басылган. Анын ичинде 19 жаштагы Исламидин Дооровдун эң алгачкы «Эртең кайра жаз келет» деген китеби жарык көрдү. Ал өзүнүн сезимдери тууралуу буларды айтып берди.

— Мен азыркы учурдагы сезидериме түшүнбөй турам. Абдан кубанычтамын. Буга чейин чыгармаларымды Тил комиссиясына жибергем. Эксперттик комиссия менин ырларымды жактырышыптыр. Бирок, өзүм бул жыйнакка чыккан чыгармаларымды өтө мыкты деп деле эсептебейм. Анткени, буга мындан 2-3 жыл мурдагы ырларым кирди. Азыркы учурда аз болсо дагы менде өсүү бар. Ыр жазгандын ыкмаларын жакшыраак түшүнүп калдым.

Мындан сырткары, «Тарых жана маданият» сериясында жаш окумуштуу Нурдин Усеевдин «Манас» эпосу тууралуу илимий эмгектери жана тарыхый, маданий китептер жарык көрдү. Азыркы учурда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы кийинки сериядагы китептерди чыгарууга тендер жарыялады.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...