Акыркы макалалар

МЕКТЕПТЕР ӨЗ АШКАНАСЫН ТЕСКЕЙ АЛБАЙТ

МЕКТЕПТЕР ӨЗ АШКАНАСЫН ТЕСКЕЙ АЛБАЙТ

Мектеп ашканасы жана анда сатылып жаткан тамак-аштарга мектеп жетекчилиги, билим берүү бөлүмү кирише албайт.

Бүгүн 28-август күнү Жалал-Абад шаардык мэриясында 2017-2018-окуу жылына карата даярдыктар жана Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 7 ай ичинде аткарган иштери тууралуу отчёттук коллегия болду. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Рысбек Калчаев мектеп ашканаларынын жоопкерчилигин алганы менен тескей албай жатышкандыгын айтты.

“Ашканалар мектептин территориясында жайгашкандыгына, аларда балдарга шашке чай берилгендигине карабай, аларды биз тескей албайбыз. Анткени иштетүүчү тарап муниципалдык башкаруу бөлүмү аркылуу ижарага алат. Ал эми тескөө жагын санитардык бөлүмдөр талапка жооп беришин карайт. Ал жерде дагы башка ар кандай мисалы кытайдын майда барат азыктары да сатылат. Эгер ашканадан кокустук болсо жоопкерчилик биздин мойнубузда болот”.

Муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнүн башчысы Болот Жусуповдун айтымында, эгерде ашканаларда окуучуларга чай гана берилип, башка азыктар сатылбаса, анда алардан ишкер катары ижара алынбай, мектеп өзү иш алып бара алмак. Дүкөнчөсү иштеп жатса алардан ишкер катары ижара акы алынуусун прокуратурадан текшергендер талап кылышат.

Бирок мында шашке чай берилбеген чоң класстагы окуучулар да ашканадан тамактанышын эске алуу керек. Ошондой эле күнү бою иштеген мугалимдер кайдан тамактанат? — деген суроону да унутта калтырбоону айтат №3 мектептин директору.

Бул маселе үстүнөн 3 күн ичинде комиссия түзүп, текшерүүгө аларын билдирди Социалдык иштер боюнча вице-мэр Айзат Раматтиллаева:

“Балдардын шашке чайын үзгүлтүккө учуратууга болбойт. Жаралган кырдаал боюнча прокуратура жана башка тиешелүү тармактар менен комиссия түзүп карап чыгабыз”.

Роза АКМАТЖАН кызы, «Аймак»

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...