Акыркы макалалар

Бюджеттин чыгашасы кирешеден 5,5 млрд сомго ашты

Бюджеттин чыгашасы кирешеден 5,5 млрд сомго ашты

Быйылкы жылдын январь-июль айларына карата мамлекеттик бюджеттин чыгымы кирешеден 5,5 миллиард сом ашты. Бул маалыматты бүгүн Финансы министрлиги таратты.

Жыл башынан бери киреше 80 миллиард 390 сом болсо, чыгаша 85 миллиард 964 сомду түздү.

Эки ай ичинде тартыштык жарым миллиард сомдон ашкан. Июнь айына карата ал 4,9 миллиардды түздү.

Кыргызстан 2016-жылдын бюджетин 20,9 миллиард сом тартыштык менен жыйынтыктаган. Бул рекорддук көрсөткүч болгон.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...