Акыркы макалалар

Башкы прокуратура милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду

Жарандарды сыртка мыйзамсыз жиберген милиционерлерге Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ушул жылдын июнь айында аталган райондун 15 тургунун жумуш таап беребиз деген убада менен мыйзамсыз түрдө Казакстандын Тараз шаарына жөнөткөн. Казакстанга барганда алар бир айга жакын эч кандай келишимсиз, акысыз иштөөгө мажбур болушкан. Бул факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан милиция кызматкерлерине Кылмыш кодексинин 305-беренеси (кызмат абалынан ашыкча пайдалануу) жана 204-беренеси (мыйзамсыз миграциялык ишмердүүлүк жүргүзүү) боюнча кылмыш иш козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...