Акыркы макалалар

Кыргызстан — Мьянма футболчуларынын оюнуна билеттер сатыла баштады

Кыргызстан — Мьянма футболчуларынын оюнуна билеттер сатыла баштады

Кыргызстан менен Мьянма футбол командаларынын оюнуна билеттер сатыла баштаганын Футбол федерациясы билдирди.

Азия кубогу — 2019 таймашынын тандоо турунун алкагындагы оюн 5-сентябрь күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20.00дө башталат.

Федерация билеттердин баасын да айтып берди:

стадиондун түштүк тарабы — 250 сом;

чыгыш тарабы — 350 сом;

батыш тарабы — 500 сом.

Стадиондун кассалары күн сайын саат 11.00дөн 19.00гө чейин иштейт.

Кыргызстан Макао, Индия жана Мьянма курама командалары менен бир тайпада. Буга чейин улуттук команда Макаону 1:0 эсебинде утуп, индиялыктардан 0:1 эсеби менен жеңилип калган.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...