Акыркы макалалар

Ошко Борбор Азия боюнча эң ири оорукана курулууда

Ошко Борбор Азия боюнча эң ири оорукана курулууда

Кытай мамлекетинин грантынын эсебинен Ош шаарында жаңы оорукана курулууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Борбор Азиядагы эң ири ооруканалардын бири болуп калат. Анын курулушу 2016-жылдын октябрь айында башталган.

Ушул жылдын 1-апрелине карата имараттын пайдубалы толук тургузулган. Жалпы аянты 12 миң 600 кв метрди түзүп, 3 кабат жана амбулатордук, стационардык, административдик болуп 3 корпустан турат. Жандандыруу бөлүмүн кошпогондо 150 койкага ылайыкталган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...