Акыркы макалалар

Мугалимдер менен дарыгерлерге ипотека аркылуу үй курушат

Кара-Көл шаарында 22 жылдан бери курулушу бүтпөй токтоп калган 24 квартиралуу үй мугалимдер жана дарыгерлер үчүн ипотекалык каржылоо жолу менен курула баштады. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Гүлмира Сатарова билдирди. Анын берген маалыматына караганда, курулуш ишин көзөмөлдөө мэриянын муниципалдык башкармалыгы жана турак-жай алуучулардын өкүлдөрү аркылуу жүргүзүлүүдө. “Түзүлгөн келишимдер боюнча үйдүн курулушу ноябрь айына чейин бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Бюджеттик каражат менен жашоосун өткөрүүп жаткан мугалимдер менен дарыгерлер эми үйлүү болуп, алардын көйгөйлүү маселелери чечиле турган болду”,-дейт Г.Сатарова.

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД

16.08.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...