Акыркы макалалар

Чүйдүн Жайылында эки бензовоз кагышып, Кара-Балта суусуна 2 тонна мазут акты

Жайыл районунда "Жунда" ЖЧКсына тиешелүү бензовоз дагы бир май ташуучу унаа менен кагышып, Кара-Балта суусуна 2 тонна мазут акты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, экинчи бензовоз жол эрежесин сактабай биринчисин артынан келип сүзгөн.

Жол кырсыгы болгон жерге ӨКМдин Жайыл райондагы бөлүмүнүн өкүлдөрү, экотехинспекция, прокуратура, санэпидемстанция, Кайгуул милициясы, жол ишканасынын кызматкерлери барган.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...