Акыркы макалалар

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БОРБОРУНА ТИПТҮҮ МЕКТЕП КУРУУ ЗАРЫЛ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БОРБОРУНА ТИПТҮҮ МЕКТЕП КУРУУ ЗАРЫЛ

Шаар борборуна типтүү мектеп куруу муктаждыгы бар.

Бул маселе бүгүн 23-августта, Жалал-Абад облустук администрациясында жаңы окуу жылына мектептердин даярдыгы тууралуу коллегияда айтылды. Мында облустук Социалдык өнүгүү жана мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси Гүлзат Ашированын коллегияга берген маалыматында айтып өттү.

“Жалал-Абад шаарындагы №1, 2, 5, 14 мектептерде балдардын саны мектептин сыйымдуулугунан көп. Бул көрүнүштөн улам класстагы парталардын жайгашуусу санитардык-гигиеналык талапка жооп бербейт. Андыктан шаардын борборунан типтүү мектеп куруу зарылчылыгы бар”.

Кошумчалай кетсек, Быйылкы жылы Жалал-Абад шаары боюнча бир гана №6 мектеп октябрь айында колдонууга берилет.

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...