Акыркы макалалар

Башкы прокуратура доо коюлган «Сентябрь» телеканалы тууралуу түшүндүрмө берди

Башкы прокуратура доо коюлган «Сентябрь» телеканалы тууралуу түшүндүрмө берди

Башкы прокуратура кандай негизде «Сентябрь» телеканалына карата доо коюлганы тууралуу түшүндүрмө берди.

Башкы прокуратура билдиргендей, «Сентябрь» телеканалынын өкүлдөрүнүн Башкы прокуратура аты окшош башка каналдын атын алмаштырып, адашып сотко бергени тууралуу айрым интернет сайттарга берген маалыматын жокко чыгарат.

Башкы көзөмө органы, Юстиция министрлигинин буйругуна ылайык, «Сентябрь» деген аталышты алып жүргөн «С-2» Телерадиокомпания редакциясы» Жоопкерчилиги чектелген коому Бишкек шаарынын Фрунзе, 402 дареги боюнча катталган «Телеберүү «С-2» жалпыга маалымдоо каражатынын да уюштуруучусу экенин тастыктаган. Ошондой эле, «С-2» Телерадиокомпания редакциясы» санарип форматында «Телеберүү «С-2» телеканалына берилген тиешелүү лицензияны колдонуп келе жатканын аныктаган.

Андыктан жарандык-процесулдык мыйзамдар боюнча, «С-2» Телерадиокомпания редакциясы» жана «Телеберүү «С-2» юридикалык жактары жоопкерчиликке тартылганын Башкы прокуратура кабарлады.

Эске сала кетсек, 22-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын 2016-жылдын 29-сентябрында чагылдырылган Абдылда Капаровдун интервьюсун эстремисттик деп табуу боюнча арызын канааттандырган. Ошондой эле сот «Сентябрь» телеканалын Кыргызстандын аймагында теле жана радио берүүлөрүн таратууга, интернет программаларына чектөө киргизген.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...