Акыркы макалалар

Бишкектин райондор аралык соту Турсунбек Акундун арызын канааттандырган жок

Бишкектин райондор аралык соту Турсунбек Акундун арызын канааттандырган жок

Бүгүн 16-августта Бишкектин райондор аралык соту Турсунбек Акундун арызын канааттандырган жок. Өз арызында укук коргоочу Жогорку Кеңештин акыйкатчылыктан бошотуу боюнча токтомун жокко чыгарууну өтүнгөн. Соттук отурумга парламент депутаттары жана Турсунбек Акундун колдоочулары катышты. Соттун жүрүшүндө Т. Акун парламенттин аны мөөнөтүнөн мурда кетирүү боюнча токтому мыйзамсыз экенин айтты.

Ал эми Жогорку Кеңештин атайын өкүлү Т.Акундун даттануусу туура эмес экендигин, парламент аны кызматтан кетирүү процедураларын мыйзамдуу ишке ашырганын билдирди. Сотто төрагалык кылган Бермет Карагулова Т. Акундун арыз-даттануулары жөндүү эмес деп тапты.

"Эми мен Бишкек шаардык сотуна, Жогорку сотко жана Конституциялык палатага кайрылам"- деп билдирди Акун.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 27 - июнунда Жогорку Кеңеш Турсунбек Акунду “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан эрте бошотулганына тиешеси бар деп акыйкатчылыктан бошоткон. Андан соң бул орунга сынак жарыяланган. Талапкерлердин документин кабыл алуу 15-август аяктады. Жалпысынан 53 талапкерден арыз келип түшкөн. Алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары Асия Сасыкбаева, Айнуру Алтыбаева, Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев, укук коргоочулар, милиция, прокуратура кызматкерлери, адвокаттар, дарыгер, мугалимдер жана ардактуу эс алууга кеткендер да бар.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...