Акыркы макалалар

Бишкек ШИИББ: жаш кызды жигитинин көзүнчө зордуктаган 3 бала кармалды

Бишкекте Кара жыгач токойунда 3 бала жаш кыз-жигитти тоноп, кызды баланын көзүнчө зордуктап кетишкен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын берген маалыматы боюнча, окуя 14-августта кечки саат 22:00 чамасында болгон. Кара жыгач токойунда сейилдеп жүргөн жаш кыз менен жигитке (экөөнө тең 16 жашча болгон), 3 бала кол салган. Күч колдонуп, уюлдук телефондоруп алып, андан соң кызды жигитинин көз алдында зордуктап кетишкен”,- деп айтылат маалыматта.

Учурда окуяга шектүүлөр Убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө амалдары жүрүүдө.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...